Site icon Reporter.kg

Өзүн өкмөт башчы жарыялаган Садыр Жапаров митингде жабыркаган бейтаптардан кабар алды

«Достук» мейманканасындагы парламенттин кезексиз жыйынынан кийин өзүн лигитимдүү премьер-министр жарыялаган Садыр Жапаров ооруканага барып, митинг учурунда жабыркаган жарандардан кабар алды. Бул тууралуу активист Мелис Аспеков өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.

Дарыгерлер Садыр Жапаровго оор абалда ооруканага түшкөн бардык бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берген.

Белгилей кетсек  «Достук» мейманканасында өткөн депутаттарын кезексиз жыйынында Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка шайланганы айтылган. Бирок, парламенттин жаңы спикери Мыктыбек Абдылдаев анын өкмөт башчылыкка сунушталганы тууралуу гана маалымат берген.

7-октябрда Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, «Достуктагы» жыйында аны депутаттар премьер министр кылып шайланаганын айткан.

Ушул эле күнү активисттер жана Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршы болуп, анын ордуна Тилек Токтогазиевди көрсөтүшкөн.

Exit mobile version