Өзүн өрттөйбүз деген аялдарды премьер-министрге алып кетти

Өзүн өрттөйбүз деген аялдарды премьер-министрге алып кетти

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратына өздөрүн өрттөйбүз деген аялдар менен вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков сүйлөшүү үчүн барды.

Учурда вице-премьер министр сүйлөшүү жүргүзүп, андан соң алардын экөөсүн премьер-министр менен сүйлөштүрүүгө алып кеткен.

Буга чейин алар менен Чүй облусунун башчысы, Аламүдүн районунун акими жана банк өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Белгилей кетсек, Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратында 15тей аял өздөрүн өрттөгөнү жатканы айтылган. Ошондой эле алар 5 талап коюп, аны аткарууну талап кылышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>