Өз өмүрүнө кол салды делген жол тескөөчүнүн өлүмү иликтенүүдө

Өз өмүрүнө кол салды делген жол тескөөчүнүн өлүмү иликтенүүдө

Чүй облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын тескөөчүсүнүн сөөгү Бишкек-Ош унаа жолунун 155-чакырымында табылган. Бул тууралуу «Репортёрго» өздүк булактар кабарлады.

Маалымат булагыбыз билдиргендей, окуя 27-май күнү  саат 12:00 чамасында болгон. Тескөөчү өзүнүн табелдик куралу менен өзүнө ок аткан.

Ички иштер министрлиги тескөөчүсүнүн өлүмү териштирилип жатканы тууралуу билдирүү таратты.

“Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>