Өлкөнүн түштүгөнө дарыгерлердин экинчи тобу жөнөп кетти

Өлкөнүн түштүгөнө дарыгерлердин экинчи тобу жөнөп кетти

Бүгүн, 30-мартта өз ыктыяры менен түзүлгөн жогорку даражалуу дарыгерлердин экинчи бригадасы бир айга Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына жөнөп кетишти.

Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдиргендей алар аталган облустардагы ооруканаларда  эпидемияга каршы дарылоо иш-чараларын аткарууга катышат.

Дарыгерлер министрлик тарабынан бардык керектүү коргоочу каражаттар (костюмдар, беткаптар, көз айнек, колкап ж.б.) ошондой эле иш сапардын аягына чейин тамак-аш менен камсыз кылды.

Иш сапар чыгымдары, негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен , Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат, ошондой эле Эпидемиологиялык фонддон кошумча кошумча төлөп берүүлөр жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>