Өзбекстан казак-орус чек арасындагы эки миңден ашуун жаранын поезд менен алып кетүүдө

Өзбекстан казак-орус чек арасындагы эки миңден ашуун жаранын поезд менен алып кетүүдө

Өзбекстан Орусиянын Самара жана Оренбург облустарындагы жарандарын алып чыгып кете баштады.

Мигранттар бир нече жумадан бери орус-казак чек арасынан өтө албай турушкан.

15-июлдан баштап өзбек бийлиги 2500 кишинин 2100дөйүн поезд менен алып кете баштады. Калган 400 мигрант чек арага автоунаалары менен келген, алар транспортторун таштап кетүүдөн баш тартышты.

«Казакстан машинелерди өткөрбөйт, мындан улам биз аларга автоунааларын таштап, поезд менен кетүүнү сунуштадык. Бирок алар машинелерин таштабайт, кайра Орусияга кетишет. Самара жана Оренбург облусунда татыктуу айлык акы төлөнгөн көптөгөн бош орундар сунушталууда», – деди Өзбекстандын Орусиядагы башкы консулу Мехриддин Хайриддинов.

Өзбекстандык мигранттар казак-орус чек арасында эки аптадан ашык убакыт чатырларда күн кечиришкен. Июлдун башында мигранттар чек араны ачууну талап кылып, жол тосууга аракет жасашкан. Полиция аларды резина союлдар менен сабаганы айтылган.

Өзбекстан май айынын аягында Самара облусунан 1200 жаранын чыгарып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>