Өзбекстан коронавируска каршы Кытайдыкынан башка да вакциналарды сыноодон өткөрөт

Өзбекстан коронавируска каршы Кытайдыкынан башка да вакциналарды сыноодон өткөрөт

Өзбекстандыктарды коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылуу үчүн бир нечесин сыноодон өткөрүү керек. Бул тууралуу өлкөнүн инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө дароо бир нече вакцинаны сыноодон өткөрүү боюнча иштер жүрүүдө. Алар Орусиянын, Кытайдын, Европанын же АКШнын вакцинасы болушу мүмкүн.

«Бир эле маалда бир нече вакцинаны сыноодон өткөрүү мезгилдин талабы болуп турат. Анткени коронавирустун түрдүү типтери бар», — деди Абдурахманов.

Министрдин айтымында, ушу тапта түрдүү өлкөлөрдө 15 миң ыктыярчы кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычына катышып жатса, алардын беш миңин өзбекстандыктар түзөт.

«5 миңдин жарымы плацебо, жарымы чыныгы вакцина алат. Бирок алардын эч кимиси кимге кайсы амплуа колдонулганын билишпейт. Мунун максаты — вакцинанын натыйжалуулугун аныктоо жана субъективдүү кийлигишүүнү азайтуу», — деди министр.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>