Өзбекстан коронавирусту аныктоочу тест иштеп чыкты

Өзбекстан коронавирусту аныктоочу тест иштеп чыкты

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигине караштуу Алдыңкы технологиялар борборунун кызматкерлери коронавирусту аныктай турган тест-система иштеп чыгышты. Бул тууралуу «Өзбекстан 24» телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, айдын аягына чейин системаны каттоодон өткөрүп, алгачы 50 миң жабдуунун өндүрүшүн баштоо пландалууда.

«Министрлик коронавирус инфекциясын изилдөө боюнча бир катар инновациялык долбоорлорго сынак жарыялаган. Анын алкагында биздин окумуштуулар диагностикалык колдонмолорду иштеп чыгып, коронавирусту аныктоонун жеке ыкмасы үчүн лабораториялык сыноолорду өткөрүштү. Мындан тышкары эл аралык өнөктөштөрүбүз менен бирге Өзбекстанда жеткиликтүү болгон бир катар дарылардын антивирустук натыйжалары изилденип, алардын өндүрүшүн жолго коюу иштери жүрүүдө», — деди өлкөнүн инновациялык өнүгүү министри Ибрагим Абдурахманов.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 624кө жетти. Алардын үчөө каза болуп, 38и айыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>