Өзбекстан Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча тынчыздануусун билдирет

Өзбекстан Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча тынчыздануусун билдирет

Коңшулаш Өзбекстан Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча тынчыздануусун билдирет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

“Коңшулаш өлкө жана  стратегиялык өнөктөш катары Өзбекстан боордош Кыргызстан элин укуктук талаага кайтып келип, тез арада абалды турукташтырарына ишенет. Биз эки өлкөнүн ортосундагы карым-катышты мындан ары дагы жогорулатууга кызыктарбыз жана кыргыз элине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиребиз”, – деп жазылат кайрылууда.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү жана  УКМКны басып алышкан. 

Ошол эле күнү  Өзбекстан Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөнүн жарандарына кирүүгө чектөө киргизген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>