Site icon Reporter.kg

Өзбекстан Кыргызстанга бир тик учак белекке берет

Өзбекстан Кыргызстанга бир тик учак белекке берет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Маалыматка ылайык, Коргоо министрлиги аркылуу Өзбекстан тарап Кыргызстанга бир тик учакты акысыз берет жана дагы бир тик учакты калыбына келтирүүгө даяр.

«Жалпы аскердик багыттарда адистерди даярдоо, учкучтарды жана байланыш кызматкерлерин даярдоо маселеси иштелип жатат», — деди ал.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында эки тараптуу жалпы 20 документке кол коюлган.

Exit mobile version