Өзбекстан Кыргызстанга мал ташууга кызыктар

Өзбекстан Кыргызстанга мал ташууга кызыктар

Өзбекстан Кыргызстанга мал ташууга кызыктар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков менен жолугушууда билдиргени белгилүү болду.

Өз кезегинде Аскарбек Жаныбеков учурда КРнын аймагынан мал-жандыктарды экспорттоого убактылуу тыюу салынганын айтты. Бирок, учурда, киргизилген чектөөнүн мөөнөтүн кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Тараптар жеткирүү шарттарын түзүү үчүн импорттоочулардын жана экспорттоочулардын тизмесин алмашууну макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын техникалык жардамы менен Кыргызстандын аймактарында күнөскана жана бакча куруу маселеси көтөрүлгөндүгү да маалым болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>