5-февралда Өзбекстан Кытайдын Ухань шаарынан 84 жаранын алып келди. Алар инкубациялык мөөнөт аяктаганга чейин карантинде болушат.
4-январда Өзбекстандын 250 жараны Кытайдан чартердик каттам менен учуп келип, карантинге жаткырылганы кабарланган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 500гө жетип, илдетти жуктургандар 24 миңден ашты