Өзбекстан президенти Рамазан айына карата абактагы бир нече адамга мунапыс берет

Өзбекстан президенти Рамазан айына карата абактагы бир нече адамга мунапыс берет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Рамазан айына карата камактагыларга мунапыс бериши мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып билдиришти.

Азырынча мунапыс качан жана канча адамга жарыяланары тууралуу так маалымат жок. Бирок басылмалар бул жолкусунда ырайым бериле турган камактагылардын саны кыйла көп болорун кабарлашууда.

Быйыл 6-мартта Мирзиёев Аялдардын эл аралык күнүнө карата камактагы 83 аялга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

2019-жылы мамлекет башчы Ид-аль-Фитрге карата 575 кишиге ырайым берген. Алардын ичинен 361 адам эркиндикке чыгып, 214 кишинин камактагы мөөнөтү кыскартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>