Өзбекстанда абактан качып Кыргызстанга өтмөкчү болгон эки адам кармалды

Өзбекстанда абактан качып Кыргызстанга өтмөкчү болгон эки адам кармалды

Өзбекстандагы абактардын биринен качып Кыргызстандын айгамына кирмекчи болгон эки адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлайт.

4-август күнү Ала-Бука районундагы чек арачыларга Ташкент облусунун Заңги-Ата районундагы абактан эки адам качкандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

29 жана 24 жаштагы соттолуучулар Аксы районунун Бел-Сөгөт аймагы аркылуу Кыргызстандын чек арсын мыйзамсыз кесип өтүгө аракет кылган учурда чек арачылар жана милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган адамдар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>