Өзбекстанда Alibaba Group компаниясынын өкүлчүлүгү ачылды

Өзбекстанда Alibaba Group компаниясынын өкүлчүлүгү ачылды

Өзбекстандын экспортерлор бирикмеси дүйнөдөгү ири онлайн аянчага ээлик кылган Alibaba Group компаниясынын расмий өкүлү катары иштей баштады. Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Экспортерлер бирикмесине Alibaba.сom сайтына кирүү үчүн атайын уруксат берилди.

Alibaba сайтына буга чейин да өзбекстандык ишкерлердин өндүрүмдөрү жарыяланып, экспорттолуп келген. Бирок порталдын чоңдугунан жана катталуу жараяны оор болгондуктан, ишкерлер анда иш алып бара алышкан эмес.

«Бул макулдашуу менен атайын уруксат алдык. Жергиликтүү компаниялар менен экспортерлор үчүн порталга товарларды жайгаштыруу, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү», — деди бирикеменин адиси Маруф Пардаев.

Анын айтымында, Alibaba аянтчасы аркылуу Кытайдын базарына, ал аркылуу коңшу өлкөлөргө чыгуу, өзбек экспортун 2-3 эсеге көбөйтүү каралууда.

Маалыматка ылайык, Alibaba менен алгачкылардан болуп өзбекстандык кондитердик компания 3 миллион долларга экспорттук келишим түздү. Азырынча бул компаниянын аталышы айтылган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>