Өзбекстанда аял күйөөсүн өлтүргөн милиционерлерди бошотууну сурады

Өзбекстанда аял күйөөсүн өлтүргөн милиционерлерди бошотууну сурады

Кашкадарыя облусунда күйөөсү милиция кызматкерлери тарабынан сабалып өлтүрүлгөн 32 жаштагы Юсуф Абдурахмановдун аялы соттон айыпталуучуларды бошотууну сурады.

“Мен алардын балдарын гана ойлоп жатам. Алардын да аялдары бар. Сегиз ай бою көз жашым тыйылган жок. Ошондуктан мен муну өзүмдүн душманыма да каалабайм. Кудай бар, кудай жазаласын. Биздин президент канчалаган кишини кечирүүдө. Анан мен ушул эки кишини кечире албаймынбы?” – деди Гүзал Абдиева.

Юсуф Абдурахманов быйыл январь айында мал уурдоо шеги менен Кашкадарыя облусуна караштуу Чиракчин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Кийинки күнү ал милиция бөлүмүндө ур-токмоктон каза болгон.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери Нурбек Овлаев менен Анвар Жонкобиловго кылмыш иши козголгон.

Ушундай эле окуя быйыл жайында Анжиян шаарында да катталган. 11-июнда ички иштер бөлүмүндө сабалган 32 жаштагы киши комадан чыкпай ооруканада көз жумган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжияндагы кыйноо үчүн өлкөнүн ИИМи жооптуу экенин билдирген.

Тэги: Өзбекстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>