Өзбекстанда блогер милиция бөлүмүндө эркектердин көзүнчө чечиндиришкенине даттанды

Өзбекстанда блогер милиция бөлүмүндө эркектердин көзүнчө чечиндиришкенине даттанды

21-октябрда Өзбекстандын акыйкатчысы башында турган атайын комиссиянын мүчөлөрү психиатриялык клиникага мажбурлап жаткырылган блогер Нафосат Оллашукурова менен жолугуп чыгышты.

Комиссиянын курамындагы активисттердин бири Нафосат Оллашукурованын иши боюнча толук баяндама жакынкы убактарда жарыялана турганын билдирди.

«Оллашукурова комиссия мүчөлөрүнүн бардык суроолоруна так жана логикага ылайык жооп берди. Үч саатка созулган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал 37 жолу оорулуу эмес экенин айтып, 21 жолу бул клиникадан чыгарууну өтүндү. Мындан тышкары ал 26-сентябрда кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө эркек кызматкерлердин көзүнчө ич кийимдерин чечүүгө мажбурлашканына даттанды», – деди активист.

Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссиянын курамында барган эки дарыгер блогерди карап чыгып, анын «психикалык саламаттыгы жакшы эмес» деген корутунду чыгарган.

Хорезм облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү блогерди текшерүү маалында мыйзамдын бардык нормалары сакталганын билдирди. Анын айтымында, Оллашукурованы аял кызматкер карап, эркек кызматкер күбө катары катышкан.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары блогердин мажбурлап психиатриялык ооруканага жаткырылганын сындашкан.

​ 23-сентябрда Үргөнч шаарынын административдик соту блогерди «бейбаштык кылган» жана «уруксат берилбеген акцияга катышкан» деп 10 күнгө кескен. Кийин ал психиатриялык ооруканага жаткырылган. Блогер хорезмдик акын, журналист Махмуд Ражабдын Ташкентке жөө жүрүшүн «Фейсбукта» чагылдырып жүргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>