Өзбекстанда COVID-19ду ооруканадан тышкары дарылаган дарыгерлер жоопкерчиликке тартылат

Өзбекстанда COVID-19ду ооруканадан тышкары дарылаган дарыгерлер жоопкерчиликке тартылат

Өзбекстанда коронавирус менен ооруган бейтаптарга өз алдынча ийне сайып, инфузиялык препараттар менен дарылоого тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин буйругуна ылайык, дарыгерлер жана орто звенодогу медициналык кызматкерлер COVID-19 менен ооругандар үчүн ылайыкташтырылган ооруканаларга жатпаган бейтаптарды дарылабоо тууралуу тилкатка кол коюшат. Бул эреженин аткарылышына Медициналык кызматтардын сапатын көзөмөлдөө башкармалыгы жооптуу болот.

Жеке медициналык уюмдардын жетекчилери да ушул талапты аткарышы керек. Саламаттык сактоо министрлиги эрежелерге баш ийбөө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү иштерин жакшыртууга каршы чыгуу катары бааланып, бул кызматкерлер жоопко тартыларын эскертти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>