Site icon Reporter.kg

Өзбекстанда дамба жарылып, тургундар көчүрүлдү

Бүгүн, 1-май күнү таң эрте Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычындагы дамбалардын бирин суу жырып кетти. Куткаруучулар суу сактагычка жакын жайгашкан айылдардагы тургундарды көчүрүүгө үлгүрүштү.

Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ички иштер органдарынын жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери таң атпай элди ойготуп, көчүүгө чакырышкан.

«Таңы саат 6да күтүүсүздөн айгай башталды. Көчөлөрдө милиция кызматкерлери: “Тургула, Жизакты көздөй качкыла, Сардоба суу сактагычындагы дамба жырылды” деп кыйкырып жүрүштү. Биздин үй суу сактагычтан бир чакырым аралыкта жайгашкан. Дароо документтерибиди алып, көчөгө чыктык. Элдин баары дүрбөлөңгө түшүп, машинелерин айдап качып жатышыптыр, биз да качтык. Суу күрүлдөп эле каптап кирди, биз айылдан машинебиз менен чыгып кетүүгө үлгүрдүк. Ушул тапта 1 жана 1А совхоздору толугу менен суунун алдында калды. Башка совхоздордогу тургундарды көчүрүү иштери уланууда», – деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сырдарыя облустук башкармалыгынын кызматкери дамба жарылганын тастыктады. Ал курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок экенин билдирди.

Өзбекстан ӨКМинин маалыматына караганда, жалпысынан 12 миңге чукул киши коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Сардоба суу сактагычы 2017-жылы курулган, ага 922 миллион куб метр суу батат. Анын бийиктиги 28,8 метрди түзөт.

 

Exit mobile version