Өзбекстанда дарыгерлер мамлекетке дооматы жок экени тууралуу тилкат жазышууда

Өзбекстанда дарыгерлер мамлекетке дооматы жок экени тууралуу тилкат жазышууда

Өзбекстанда июль айынан тартып дарыгерлер, медайымдар жана санитардык-эпидемиологиялык агенттиктин кызматкерлери “коронавирус инфекциясын жуктуруп алса, өздөрүн гана күнөөлөй турганы жөнүндө” тилкат жазууга мажбур болушууда.

Ташкентте Covid-19 вирусуна чалдыккан кишилерди дарылап жаткан оорукананын медайымдарынын бири төрт күн мурун тилкат жазышканын ырастады.

«Эгер жумушта коронавирус инфекциясына чалдыксам, эч кимге доом жок» деп тилкат жазып бердик. Менин кошунам башка бир ооруканада санитардык кызматкер болуп иштейт. Ал дагы тилкат жазып беришкенин билдирди», – деди ал.

Социалдык түйүн колдонуучулары мамлекет дарыгерлерден жана медайымдардан мындай тилкат алуунун ордуна аларга компенсация төлөп бериши керек экенин жазышууда.

Күн мурун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев саламаттык сактоо тармагында абал оор экенин мойнуна алган.

15-июлда өткөн видеоселектордук жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчы эпидемиологиялык абалдын начар жагына өзгөрүшүнө карата тиешелүү даярдык көргөн эмес деп айыптап, саламаттык сактоо министрине сөгүш жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>