Өзбекстанда диний мекемелер 8-июнда ачылат

Өзбекстанда диний мекемелер 8-июнда ачылат

Өзбекстанда мечиттер 8-июндан тартып «жашыл» аймактарда гана иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык атайын комиссиянын 4-июндагы билдирүүсүндө жазылган.
Өзбекстанда 8-майдан тартып COVID-19 инфекциясынын жайылуусуна жараша атайын аймактар киргизилген. Алардын эң кооптуусу «кызыл», вирус жок жерлер «сары» жана «жашыл» деп бөлүнгөн.

Комиссиянын чечимине ылайык, 5-8-июнда диний мекемелердеги (мечиттер, чиркөөлөр) санитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган бир катар даярдык чалары көрүлөт. Бул мекемелер дезинфекцияланып, социалдык аралыкты сактоого багытталган атайын белгилер орнотулат. Мындан тышкары диний мекемелердин жумушчуларына атайын окутуу семинарлары өткөрүлөт.

Атайын комиссия 8-июндан тартып жарандар бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен (беткап кийип, 1,5 метрлик социалдык аралыкты сактоо) диний жөрөлгөлөрдү аткарса болорун билдирди. Ошол эле маалда массалык диний иш-чараларга, анын ичинде жума намаздарга уруксат берилбейт.

Буга чейин комиссия мечиттер менен башка диний мекемелер 5-июндан тартып «жашыл аймактарда» иштей баштай турганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>