Өзбекстанда коронавирустан 7 кош бойлуу аял каза болду

Өзбекстанда коронавирустан 7 кош бойлуу аял каза болду

Өзбекстанда пандемия башталгандан бери 234 кош бойлуу аялга коронавирус жукту. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Барно Абдусаматова «Өзбекстан 24» телеканалынын эфиринде билдирген.

Анын айтымында, вирус жуктуруп алган 234 келиндин 120сы айыгып, ооруканадан чыкты. Ушу тапта дагы 2500дөн ашык кош бойлуу аял карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат.

Министрликтин өкүлү вирус жуктурган боюнда бар аялдардын канчасы каза болгонун айткан жок. Анын айтымында, кош бойлуулардын арасында өлгөндөрдүн саны 2,9% (7 киши) түзөт.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Ташкентте төрт күндүн ичинде COVID-19дан беш кош бойлуу аял каза болгонун билдирген. Ага чейин Кашкадарыя облусуна караштуу Карши шаарында боюнда бар бир келин көз жумганы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>