Өзбекстанда милиция кызматкерлери Патрулдук унаада аялдын төрөттүн кабыл алышты

Өзбекстанда милиция кызматкерлери Патрулдук унаада аялдын төрөттүн кабыл алышты

Ташкент шаардык Ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери 22-апрелде патрулдук машинеде төрөт кабыл алышты.

Ташкент шаардык ИИБи билдиргендей, түнкү саат экиде патрулдук милиция кызматкерлери Үчтепе районунун айланма жолунда эки аялды көрүшкөн. Алардын бири кош бойлуу болгон. Алар төрөтканага баратышкан. Тартип сакчылары аялдарды машинеге отургузуп, шаардагы жакынкы ооруканалардын бирине жөнөшкөн.

Бирок ооруканага жетишкен эмес: аялдын төрөтү башталып калган. Ички иштер кызматкерлери машинени токтотууга аргасыз болуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү тажрыйбаларын колдонуу менен төрөт кабыл алып, ымыркайдын киндигин кесишкен.

3100 грамм салмактагы наристе патрулдук машинеде жарык дүйнөгө келди. Медиктер эне менен баланын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>