Өзбекстанда мугалим бөтөлкө менен башка чапкан 2-класстагы окуучу кыздын мээси чайкалган

Өзбекстанда мугалим бөтөлкө менен башка чапкан 2-класстагы окуучу кыздын мээси чайкалган

Ташкент облусунун Ангрен шаарында мугалим 8 жаштагы окуучу кызды желим бөтөлкө менен чаап жиберген. Окуя быйыл январь айында эле болгон, бирок эми гана ачыкка чыкты.

Жабырлануучунун апасы Наргиза Османованын айтымында, кызы Өзбекстандын гимнин айтып бере албаганы үчүн мугалим аны клей куюлган 200 граммдык желим бөтөлкө менен эки жолу чаап жиберген.

Ал кызын ооруканага алып барганын, ал жерде жабырлануучунун мээси чайкалганы белгилүү болгонун кошумалады. Наргиза Османова кызы азыркыга чейин жабыр тартып жатканын белгиледи:

«Кызым кускусу келип, башы ооруй турганын дайыма айтат», – деди ал.

Бирок 2-класстын окуучусу Согдиананын дарыгери бул анын ашказанындагы маселе менен байланыштуу деп эсептейт.

Наргиза Османова учурунда укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Тараптар маселени өз ара сүйлөшүү жолу менен чечишкен. Мугалим окуучу кызды дары-дармек менен камсыздоого убада берген.

«Башында алар чынында эле дары-дармектерди алып беришти. Бирок апрелде кайра ооруканага барыш керек болгондо, алар мурдагы убадаларына баш тартышты», – деди Наргиза Османова.

Мугалимдин уулу Абдурауф Тиллабоев апасы чындап эле кызды желим бөтөлкө менен чаап жибергенин ырастап, окуучуга бардык керектүү жардамды беришкенин билдирди. Ал кыздын апасы алардын үй-бүлөсүн шантаж кылып, барган сайын көп суммадагы акча талап кылып жатканын айтып, Наргиза Османовага каршы арыз жазарын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>