Өзбекстанда Nike жана Adidas бут кийимдери өндүрүлөт

Өзбекстанда Nike жана Adidas бут кийимдери өндүрүлөт

Өзбекстанда Nike жана Adidas бренддеринин бут кийимдерин өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу «Узчармсаноат» бирикмесинин төрагасы Фахриддин Бобоев Review.uz басылмасына берген маегинде билдирди.

«Биздин базарга кирүү тууралуу Nike жана Adidas компаниялары менен макулдашуу бар. Спорттук бут кийимдерди өндүрүү Анжиян облусунда жөнгө салынат. Биргелешкен SinoInternational заводунда аутсорсинг шарты менен дүйнөгө белгилүү бренддин 3 миллион даана бут кийимин чыгарууну пландап жатабыз», — деди ал.

Бобоев Өзбекстан сапаттуу булгаарынын жетиштүү көлөмүнө жана кыйла арзан жумушчу күчкө ээ экенин белгилеп, бул артыкчылыктарды Өзбекстанда иштеген белгилүү дүйнөлүк бренддерди көбөйтүү үчүн пайдалануу керектигин кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>