Өзбекстанда президент Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн ысымдары жаңы төрөлгөн эгиз, үч эмдерге көп ыйгарылууда

Өзбекстанда президент Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн ысымдары жаңы төрөлгөн эгиз, үч эмдерге көп ыйгарылууда

Өзбекстандын Наманган облусунун тургундары Ахмаджон Кадыров менен Одинахон Алтимешова январда төрөлгөн үч эм кыздарына президент Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхон жана кыздары Саида менен Шахнозанын ысымын ыйгарышты.

Үч эм төрөлгөнгө чейин жубайлардын дагы үч кызы бар болчу.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул үй-бүлөгө коляскаларды жана башка жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн керектүү буюм-тайымдарды тапшырышты.

Соңку жылдары Өзбекстанда эгиз же үч эм төрөлгөн балдарга президенттин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атын ыйгарган учурлар көп кездешүүдө. Ата-энелер бийликтен автоунаа же баалуу белектерди алуу үчүн ушундай кадамдарга барып жатышканы да белгиленип жүрөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>