Өзбекстанда президентке Интернет аркылуу акарат келтиргендерге жаза киргизилди

Өзбекстанда президентке Интернет аркылуу акарат келтиргендерге жаза киргизилди

Мындан ары телекоммуникациялык түйүндөр же Интернет аркылуу Өзбекстандын президентине акарат келтиргендер жана жалган жалаа жапкандар 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына кесүү, 2ден 5 жылга чейин эркиндигин чектөө же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары менен жазаланат.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги кабарлагандай, бул норма Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө бекемделген.

Кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан тышкары башаламандыктарга жана жарандарга зомбулук көрсөтүүгө шыкакчы болгондорго да жоопкерчилик каралган.

Бул боюнча күнөөлүүлөр 100дөн 300 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1 базалык эсептик көрсөткүч – 21 доллар) айып пулга жыгылып, 2 жылга чейин түзөтүү жумуштарына кесилип, же 3төн 5 жылга чейин эркиндиги чектелип, болбосо 3төн 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>