Өзбекстанда соттолуучулардын маянасынын 21% кармалууда

Өзбекстанда соттолуучулардын маянасынын 21% кармалууда

Өзбекстанда №51 жатак абагынын карызын жабуу үчүн Ташкентте көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан соттолуучулардын маянасынын 21% кармалууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жабык мекеменин жетекчиси бул мыйзамдуу экенин белгиледи.

Сергелий районундагы көп кабаттуу үйлөрдү курууга 60 соттолуучу тартылган. Турак-жай аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет.

Соттолгон кишилердин айтымында, январдан бери алардын маянасынын 21% жатак абактын пайдасына кармап калышууда:

«Айлыгыбыз 1,-2,5 миллион сумду (110-280 доллар) түзөт. Анын 12 пайызын киреше салыгына, 21 пайызын жатак абактын фондуна кармап калышат. Маселен, эгер биз 2,5 миллион сум алсак, болжол менен анын 500 миңи (56 доллар) ушул фондго кетет», — деп айтышкан.

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, соттолуучулар эркиндиктеги жарандар менен катар бирдей эмгек укугуна ээ.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>