Өзбекстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 1200 доллардан алышат

Өзбекстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 1200 доллардан алышат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев фашизмди жеңгендин 76 жылдыгын майрамдоого байланыштуу согуштун катышуучулары менен майыптарына дем берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.

Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле катышуучуларды жана майыптарды материалдык жактан колдоо максатында Жеңиштин 76 жылдыгын майрамдоого байланыштуу ардагерлерге 12 миллион (он эки миллион) сум (болжол менен 1200 АКШ доллары) өлчөмүндө каражат берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>