Өзбекстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди — сүрөттөр

Өзбекстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди — сүрөттөр

Өзбекстан COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Гуманитардык жүктү кабыл алуу аземине вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты.

Кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Өзбекстандан келген жүктөр: бир жолку кол каптар — 100 миң даана, бир жолку коргоочу комбинезондор — 10 миң даана, коргоочу көз айнектер – 2 миң даана, бир жолку бет каптар – 100 миң даана, «Гепарин» 5мл – 1 миң куту, «Ремдесевир» – 5 миң упаковка, COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана, COVID-19 вирусун аныктоо үчүн тест –  10 миң даана, натрий хлор 100 мл – 4 миң даана, бир жолку шприцтер – 60 миң даана, тамчылатуучу тутумдар – 20 миң даана.
[su_image_carousel source=»media: 48307,48308,48304,48297,48306,48303,48301,48305,48295,48298,48299,48302,48296,48300″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>