Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген 4 млн сомдук жүк аныкталды

Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген 4 млн сомдук жүк аныкталды

Аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 4 миллион сомдон ашуун болгон жүктөр кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Көк-Талаа” көзөмөл пунктунда “VOLVO PH12” үлгүсүндөгү автотранспортту текшерүүгө алганда, Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ар кандай тиричилик буюмдары (шыпыргы, чоюн казан жана идиш-аяктар) табылган.

Аткезчилик менен келген товарлардын жалпы наркы 4 миллион сомдон ашуун экени айтылат.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, мыйзамдарга ылайык сотко чейинки өндрүштөр жүргүзүлгөнү кабарланат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>