Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Бүгүн, 3-сентябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовдун дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

«Талкууда эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн башчыларынын төрагалыгы астында чек арага жакын облусттардын башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл бурулду. Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук, жакын кошуналык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде тарыхый түзүлүп калган мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш жүргүзүүгө бекем ниетин билдиришти», — деп жазылат маалыматта.

Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>