Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин камактагы айрым мүлктөрүн чыгарып салды.
Бул маалыматты Reporter.kg` ге өздүк булактар кабарлап, бирок кайсы мүлктөр камактан чыгарылганын ачыктыган жок.
Ал эми чечимге макул болбогон прокуратура өкүлдөрү көзөмөл иретинде соттун жогорку инстанцияларына даттанышкан.
Белгилей кестек, 2019-жылдын сентябрь айында сыртынан 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жакындары анын камактагы мүлкүн чыгарууга аракет кыла башташкан.
Башкы прокуратура Шадиевге карата алгач 2018-жылдын апрель айында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы себеп болгон. Андан соң ал 2018-жылдын май айында Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң АКШга качып кеткен.
2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.
Маалыматтарга караганда, камакка алынган «Карвен четыре сезона» эс алуу жайынын уставдык капиталынын 33,33 пайызы Аскарбек шадиевдин аялына таандык.
Төмөндө Шадиевдин камакка алынган мүлктөрү.
- “Бената” – (уставдык капиталынын 50 пайыз),
- “Карвен групп” (уставдык капиталынын 50 пайыз),
- “Ларель” (уставдык капиталынын 50 пайыз),
- “Боорсок плюс” (уставдык капиталынын 100 пайыз),;
- “Тип Топ” (уставдык капиталынын 100 пайыз),;
- “Трейд Инвест” (уставдык капиталынын 100 пайыз),
- “Континенталь транс сервис” (уставдык капиталынын 33,33 пайыз)
- “Аква Инвест плюс” – (уставдык капиталынын 50 пайыз),;
- “Аква Инвест” – (уставдык капиталынын 100 пайыз),;
- “Союз Инвест” – (уставдык капиталынын 100 пайыз),;
Мындан сырткары «Тойота Лэндкрузер 150» үлгүсүндөгү унаасы, эки квартирасы, эки турак үйү,ага таандык бир кеңсе жана банктардагы эсептери камакка алынган.