Өздүк булак: Курсан Асанов эки жээкте ойногон

Өздүк булак: Курсан Асанов эки жээкте ойногон


Курсан Асанов 8-августтагы Кой-Ташта болгон операция учрунда Атамбаев менен алдын-ала сүйлөшүүгө барган.  Маалыматты РЕПОРТЕР агенттигине өздүк булактар кабарлады.

“Курсан Асанов бийликке да Атамбаев тарапка да эки жээкте ойногондугу кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталган. Ал Атамбаевди колго түшүрүүдөн алдын милициянын кызыкчылыгын сатып, аны менен сүйлөшүүгө барган деп шектелүүдө.  Асановдун куралдарды өткөрүп алып жаткан видеосу 4-5 жолудан ар тараптан пияр үчүн тартылган.

Асановдон башка Ички иштер министринин дагы бир орун басарынын үстүнөн кызматтык иликтөө башталып, иштер Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилген. Ал да Атамбаев менен алдын ала сүйлөшүүгө барган деп шектелүүдө”, —   деди булагыбыз.

Маалыматты тактоо үчүн Асановдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>