Өздөрүн УКМК кызматери катары тааныштырып, ишкерден акча талап кылгандар кармалды

Өздөрүн УКМК кызматери катары тааныштырып, ишкерден акча талап кылгандар кармалды

Өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жана кызматкери катары тааныштырып,  ишкерден 1000 доллар алып жаткан адамдар крамалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, алар ишкердин ишмердигин текшерүүнү уюштурабыз деп коркутуп, андан 2000 доллар талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары “Опузалап талап кылуу” боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азырку учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>