Өзгөчө абал режими тууралуу жарлыктын мөөнөтү бүгүн бүтөт

Өзгөчө абал режими тууралуу жарлыктын мөөнөтү бүгүн бүтөт

Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал жарыялоо боюнча президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кол койгон жарлыктын мөөнөтү бүгүн, 12-октябрда соңуна чыгат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгын депуттар колдобосо деле 3 күн күчүндө болорун айткан. Бирок парламент бекитип бербесе 3 күндөн кийин күчүн жоготорун кошумчалаган.   

Бул — бүгүн кечке чейин Жогорку Кеңеш жарлыкты бекитбесе, өзгөчө абал режими токтотулат дегенди түшүндүрөт.

Өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгы 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясындагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында алгач күн тарбине киргизилип, кийин каралбай тургандыгы белгилүү болгон. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>