Өзгөчө абал учурундагы коменданттык сааттын убактысы айтылды

Өзгөчө абал учурундагы коменданттык сааттын убактысы айтылды

Өзгөчө абал учурунда кечки саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйын учурунда айтты.

Анын айтымында бул убакта жарандардын жана унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Борбор каалаанын жана Өзгөчө абал режими киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керек.

Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болот.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>