Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түштүк Кореядан 4 автоунаа келди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түштүк Кореядан 4 автоунаа келди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түштүк Кореядан 4 автоунаа келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-февраль күнү Түштүк Кореянын Сеул шаарынын Өрткө каршы күрөшүү кызматы тарабына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген 4 автоунааны кабыл алуу аземи болуп өттү.

Аталган төрт автоунаанын экөө өрт өчүрүүгө колдонула турган, экөө “Тез жардам” кызматынын автоунаасы.

Бул атайын автоунаалар Бишкек шаарына бөлүнүлөрү күтүлүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>