Өзгөндө үй өрттөнүп, ээси каза болду

Өзгөндө үй өрттөнүп, ээси каза болду

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында турак үй күйүп, 29 жаштагы үй ээси каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жалпы аянты 99 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталып жатканы айтылат.

ӨКМдин маалыматына караганда бир сутка ичинде өлкө аймагы боюнча 19 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүү үчүн 24 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>