Өзгөндө 15 жаштагы бала тапанча менен 90 ок алып жүргөн

Өзгөндө 15 жаштагы бала тапанча менен 90 ок алып жүргөн

Өзгөндө милиция кызматкерлери тарабынан 15 жаштагы баладан тапанча алынды. Бул тууралуу облусттук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун аймагында социалдык тармактарда ок атуучу куралды колдонуп видеотасмага таркаган окуяны иликтөөгө алынган. Натыйжада аталган райондун Эркин-Тоо айылынын 15 жаштагы И.Н. аттуу тургуну белгисиз үлгүдөгү тапанчаны алып, сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

“Жаш өспүрүм Н.Инин апасы М.Снын катышуусунда бир даана  МР 371 номурлуу тапанча куралын жана 90 даана ок-даарыларын алуу жүргүзүлгөн.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча алынганган ок атуучу куралга соттук-балистикалык экспертизага токтом дайындалган. Сотко чейинки иштер боюнча тиешелүү тергөө аракеттер улантылууда”, — деп кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>