Өзгөндө 19 жаштагы жигит селкинчектен кулап каза болду — видео

Өзгөндө 19 жаштагы жигит селкинчектен кулап каза болду — видео

Өзгөндө 19 жаштагы бала селкинчектен кулап кетип каза болду. Бул окуя тууралуу «Короче» телеграм каналына жарыяланды.

Ош облусттук ички иштер башкармалыгы окуя 20-июнда саат 22:00 чамасында болгонун билдирди. Маркум Өзгөндүн 2001-жылы туулган А.А. аттуу жараны Сараксий көчөсүндөгү парктагы селкинчектен кулаган. Ал алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон. Маркумдун жакындары сөөктү экспертизадан өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Милиция бул окуяны териштирип, эс алуу жайынын кожоюндарына юридикалык баа берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>