Site icon Reporter.kg

Өзгөндө 3 жаран жол кырсыгынан каза болду

Өзгөн районунда 21-июнь күнү жол кырсыгынан 3 жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя Салам-Алик айыл аймагынын Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 52-чакырымында “Daewoo Tico” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Жерине ӨКМнин куткаруу кызматы барып, каза болгондордун жансыз денесин унаадан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматы Мырзаке айылындагы ооруканага жеткирген.

Exit mobile version