Өзгөндө 62 жаштагы тургундун үйүнөн 4 кг баңгизат менен тапанча табылды

Өзгөндө 62 жаштагы тургундун үйүнөн 4 кг баңгизат менен тапанча табылды

Өзгөн районунун Большевик айылынын 62 жаштагы «Дудай» аттуу каймана аты бар тургуну 4 килограм баңгизат жана ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү баңги заттарды сатуу менен алектенип келген.

“Күбөлөрдүн катышуусу менен анын үйүнө тинтүү жүргузүлгөндө, үйүнөн болжолдуу салмагы 4 кг түзгөн, өзгөчө жыты бар (болжолдуу гашиш наркотикалык заты) зат жана сайлуу револьвер үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды”, — деп жазылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 267-берене (Баңгизаттарды сатуу) менен катталып, иликтөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>