Өзгөндө ага лейтенант адам өмүрүн сактап калды

Өзгөндө ага лейтенант адам өмүрүн сактап калды

Өзгөн районунда милиция кызматкери адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык уполномоченныйы, ага лейтенант А.Алиев буга чейин ага бөлүнгөн аймактагы коопсуздукту сактоо үчүн элдерге өзүнүн номери жазылган визиткасын тараткан.  Кечээ, 4-февраль күнү саат 12:00дөр чамасында визиткадагы көрсөтүлгөн номерге тургундардын бири чалып, Өзгөн районунун Шералы айылындагы көпүрөдө, бир адам асынып жанын кыюуга аракет кылып жатканын кабарлаган.

Ага лейтенант ошол замат аталган жерге ыкчам жетип барып, жанын кыюуга аракет кылган 40 жаштагы жергиликтүү тургунду жипке асылып турган жеринен тапкан.  Ал өз убагында жипти чечип, алгачкы жардамды көрсөткөндүктөн аталган адам аман калган.

Учурда милиция кызматкери сактап калган адам Өзгөн шаарындагы бейтапканада дарыланууда. Абалы жакшы.
Ал эми бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ал адам эмне себептен мындай кадамга барганы такталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>