Өзгөндө баш кошуусуна ата-энелери каршы чыккан кыз-жигит бир айдан бери дайынсыз болууда

Өзгөндө баш кошуусуна ата-энелери каршы чыккан кыз-жигит бир айдан бери дайынсыз болууда

Өзгөндө баш кошуусуна ата-энелери каршы чыккан кыз-жигит дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдиргенин «Кактус.медиа» жазды.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы Нуртилек менен 17 жаштагы Анара баш кошууну каалашкан.  Бирок ата-энелери алардын үйлөнүүсүнө тыюу салып койгондуктан качып кетишкен. Эки өспүрүмдү милиция бир айдан бери издеп жатат. Нуртилек жана Анара кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Жигит кызды Өзгөндөгү үйүнө алып келгенде баланын ата-энеси болочок келиндин жашы жете электигин айтып, кайра ата-энесине жибермекчи болушат. Нуртилек кызды төркүнүнө жеткирип барышы керек болчу. Бирок, эки жаш ата-эненин чечимине таарынып, Бишкекке кетип калгандарын достору айтып беришкен.

Учурда кыз-жигит изделүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>