Өзгөндө белгисиз кишинин ок чыгаруусунан 2 киши каза болду

Өзгөндө белгисиз кишинин ок чыгаруусунан 2 киши каза болду

Өзгөн шаарында белгисиз киши тарабынан чыгарылган октон унаада отурган эки киши каза болуп, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алган жарандар ооруканага жетпей каза болгон.

Учурда адам өмүрүнө кол салган кылмышка шектүүлөр изделип жатканы айтылат.

Белгилей кетсек,  19-мартка караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы асфальт жолдо 31 жаштагы  М.Ш.  өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү автоунаасында 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А.  менен биргеликте отурганда, аларга белгисиз унаадан ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>