Өзгөндө чоң энесин бычак менен сайган бала изделип жатат

Өзгөндө чоң энесин бычак менен сайган бала изделип жатат

Өзгөндө 70 жаштагы чоң энесин бычактоого шектелип 22 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 12-декабрь күнү учтуу буюмдан денесинен жаракат  алган 70 жаштагы аял ооруканага түшкөн.

Ал дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, операция жасалган. Анын денесине залал келтирүүгө шектүү катары 22 жаштагы өзүнүн небереси изделүүдө.

Милициясынын маалыматына ылайык, бул окуяга шектелип жаткан Ж.у.Э. эч себепсиз эле ашканадагы бычак менен энесинин көкүрөгүнө бир жолу сайып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>