Өзгөндө чоң энесин бычактаган шектүү эки айга камалды

Өзгөндө чоң энесин бычактаган шектүү эки айга камалды

Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесине бычак сайган деп шектелген 22 жаштагы Ж.у.Э., 10-январь күнү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Белгилей кетсек, кылмышка шектелип жаткан Ж.у.Э., 12-декабрь күнү 70 жаштагы чоң энесинин көкүрөгүнө эч себепсиз эле ашканадагы бычак менен сайып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>