Өзгөндө эки адамды өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бирөөсү кармалды

Өзгөндө эки адамды өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бирөөсү кармалды

Өзгөндө эки жарандын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунда туулган Х.А. аттуу 24 жаштагы жаран  41-130-берененин 2-бөлүмүнүн 2,11-панктарынын (Киши өлтүрүүгө кошо катышуу) негизинде шектүү катары кармалып, 98-берененин негизинде ӨзгөнРИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмышка шектүүнүн шериктерин кармоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, 19-мартка караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы асфальт жолдо 31 жаштагы  М.Ш.  өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү автоунаасында 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А.  менен биргеликте отурганда, аларга белгисиз унаадан ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.  Жабыркаган эки жаран ооруканага жетпей жолдо жан беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>