Site icon Reporter.kg

Өзгөндө эки адамды атып кеткендерди издөө уланууда

Өзгөн шаарында унаасында отурган адамдарды атып кеткен шектүүлөрдүн бирөөсү кармалып, калгандарын издөө иштери уланууда. Бул тууралуу “Репортёрго” облустук милициядан билдиришти.

Басма сөз катчынын айтымында, учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп, ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 19-мартка караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы асфальт жолдо 31 жаштагы  М.Ш.  өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү автоунаасында 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А.  менен биргеликте отурганда, аларга белгисиз унаадан ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.  Жабыркаган эки жаран ооруканага жетпей жолдо жан беришкен.

Ал эми кылмышка шектүү катары Өзгөн районунда туулган Х.А. аттуу жаран кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Exit mobile version