Өзгөндө эки кишини атып кеткендердин куралы менен унаасы табылды

Өзгөндө эки кишини атып кеткендердин куралы менен унаасы табылды

Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүргөнгө шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы менен автоунаасы табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

“Бүгүн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Өзгөндүн Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон көк түстөгү Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасы, Түркияда чыгарылган Kral Arms үлгүсүндөгү аӊчылык курал табылган. Ошондой эле эки даана 12 калибрлүү ок-дарынын атылган гильзасы жана бир даана ок алынган”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну М.Ш. былтыр февралдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттосунда тургандыгы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, 19-мартка караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы асфальт жолдо 31 жаштагы  М.Ш.  өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү автоунаасында 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А.  менен биргеликте отурганда, аларга белгисиз унаадан ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.  Жабыркаган эки жаран ооруканага жетпей жолдо жан беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>